Феликс Кулов өзүнө мураскер даярдап жатат. Бул тууралуу ал бүгүн «24.kg» агентигиндеги маалымат жыйында билдирди.
«Ар-Намыс» партиясынын лидери жогорку кызматта иштөө оор экендигин эстеп өттү.
«Жакшы кабар менен аз киши келет. Баары эле жардам сурап келишет. Баарына кантип жетишесиң» - деди ал.
Феликс Кулов партиянын жетекчилигин канча жана кимге өткөрүп берерин ачык айткан жок.