20:00
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Алмазбек Атамбаев Россиянын салмактуу саясатчыларын көлдө дача курууга чакырды

Алмазбек Атамбаев Россиянын салмактуу саясатчыларын көлдө дача курууга чакырды. Бул тууралуу президент 3-июлда Россиянын Федералдык жыйынынын федерациялык кеңешинин төрайымы Валентино Матвиенко менен жолугушуу учурунда билдирди.

«Мен президент катары сиз келген сайын кубанып тосуп алам. Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы мамилелердин өнүгүшүнө салымыңыз зор экенин билем жана ага ыраазычылык билдирем. Ысык-Көлдө иштеп гана эмес, эс алып да кетсеңиз жакшы болот. Деги эле Россиянын оор салмактуу саясатчылары көл жээгине дачаларды куруп баштаса жакшы болот эле» — деди Алмазбек Атамбаев. 

Валентина Матвиенко аларга чет өлкөдөн кыймылсыз мүлк сатып алууга тыюу салынганын белгиледи.

«Биз чет өлкө эмеспиз. Бир боордош мамлекетпиз. Россиянын президенти ага уруксат берерине ишенем», — деп жооп кайтарды Алмазбек Атамбаев.

Эң көп окулган жаңылыктар