Ысык-Көл облусунун Ананьево айылындагы газ толтуруучу жайдагы жарылууда жабыр тарткандарга жана набыт болгондордун үй-бүлөлөрүнө материалдык жардам берилди. Бул тууралуу президенттик маалымат кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, социалдык тармакта каза тапкан жарандын үй-бүлөсүнө эч бир көңүл бөлүнбөгөндүгү тууралуу маалымат пайда болгон.
«Ошол күнү эле акча бөлүү чечими кабыл алынган. Көп өтпөй баардыгы акчаны колуна алышкан», — дешти.
Эскерте кетсек, 19 - июнь күнү Ананьево айылында газ толтуруучу жайда жарылуу болуп, үч киши каза тапкан.