18:54
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

«Ата-Журт» партиясы Өмүрбек Бабанов менен соттошушу ыктымал

«Ата-Журт» партиясы Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бабанов менен соттошушу ыктымал. Бул тууралуу «24.kg» агентигине партиянын пресс-катчысы Нургазы Анаркулов билдирди.

Анын айтымында, 1-июлда Өмүрбек Бабанов өзүн президенттикке «Республика -Ата-Журт» партиясынын атынан көрсөтүлүп жатканын жар салган.

Нургазы Анаркулов, «Республика -Ата-Журт» партиясы жоюлганын жана бул боюнча жарыяланганын белгилеп өттү.

«Андыктан биздин партия Өмүрбек Бабановго эч кандай колдоо көрсөткөн жок. Камчыбек Ташиев бул боюнча эч кандай документтерге кол койгон эмес. Партиянын саясый кеңешинин жыйыны да болгон жок» — деди Нургазы Анаркулов.

Эскерте кетсек, «Республика -Ата-Журт» партиясы 2014-жылы Жогорку Кеңешке шайлоо алдында пайда болгон. Кийинчерек, партия кайра бөлүнгөнүн жарыялашкан.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума