19:05
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Кара-Балта шаардык кеңешинин депутаттары биринчи отурумун өткөрө алган жок

Кара-Балта шаардык кеңешинин депутаттары биринчи отурумун өткөрө алган жок. Бул тууралуу  «24.kg» маалымат агентигине жергиликтүү депутат Мухабат Токомбаева билдирди. 

Анын айтымында, коалициялык азчылык шаар жетекчилигине көрсөтүлгөн талапкерге каршы чыгууда.

«Эл Аман» (5 мандат), «Акшумкар» (4 мандат) жана  «Кыргызстан» (3 мандат) фракциялары коалициялык азчылыкты түзүшкөн. 

Эскерте кетсек, шаардык кеңештин мурдакы чакырылышы мэрди эки жолу тең шайлай албагандан кийин таркатылган. Шайлоо 28-майда өткөн. 

Эң көп окулган жаңылыктар