19:31
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Алмазбек Атамбаев: Менин милдетим таза жана акыйкат шайлоо өткөрүү

Президент Алмазбек Атамбаев кыргызстандыктарды алдыдагы шайлоодо добушун сатпоого чакырды. Бул тууралуу ал бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлерине курулган көп кабаттуу үйдү ачуу аземинде билдирди.

«Менин милдетим таза жана акыйкат шайлоо өткөрүү. Шайлоо таза өтөт. Бирок, бизде дагы эле добушун саткан маселе бар. Добушуңарды сатпагыла. Миң, же беш миң сомго эч нерсе сатып ала албайсыңар!» — деди президент.

Президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт.

Эң көп окулган жаңылыктар