00:36
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

«Нарын» рестораны турган жер тилкеси сатыкка коюлду

Бишкек шаарындагы мурдакы «Нарын» ресторанынын жер тилкеси сатыкка коюлду. Бул тууралуу жарыя кыймылсыз мүлк агентигинин интернет баракчасына жайгаштырылган.

«24.kg» агентигинин маалыматында, 1,3 гектар жер 5, 5 миллион долларга сатылат.

Кыймылсыз мүлк агентигинин өкүлү жер тилкесинин наркы эки эсеге арзандаганын билдирди.

«Жер тилке башында 10 миллион долларга бааланган. Азыр арзандады. Анткени ал жер зилзалага туруктуу. Астында бункер бар. Аны Леонид Брежневдин келишине курушкан» - деди кыймылсыз мүлк агентигинин өкүлү.

Ал ресторанга байланыштуу соттук териштирүү кожоюндун пайдасына жыйынтыкталып калгандыгын кошумчалады.

Эскерте кетсек, ресторандын имараты канча жылдан бери бош жатат. Жакында мэрия кожоюнга айланасын тостурткан. Имарат бузулуп, ордуна соода түйүнү, же мейманкана курулары маалымдалган. 

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума