07:06
+27
USD 68.60
EUR 80.87
RUB 1.16
Кыргызча

Чолпон-Ата шаарында жол кырсыгына кабылган милиция оорууканада көз жумду

Чолпон-Ата шаарында жол кырсыгына кабылган милиция оорууканада көз жумду. Бул тууралуу «24.kg» агентигине Ысык-Көл облустук Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

28-июнда, «Субару Форестер» автоунаасынын айдоочусу рулду башкара албай калып, жол кайгуул кызматынын унаасын сүзүп алган. ИИМ кызматкери оор жаракат менен оорууканага жеткирилген. Анын ички органдары ажырап, буту сынган. Милиция эсине келбей көз жумду.

«Субару Форестер» унаасынын айдоочусунун ичимдик ичпегендеги аныкталды. Кылмыш иши козголуп, ал камоого алынды.

Эң көп окулган жаңылыктар