01:17
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

АКШнын мурдагы башкы дипломаты Колин Пауэлл көз жумду

АКШнын алгачкы афро-америкалык мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл коронавирустан кийин ден соолугу начарлап, 84 жашында көз жумду. Бул тууралуу анын үй-бүлөсү 18-октябрда билдирди.

«Биз мыкты жана сүйүктүү жолдоштон, атабыздан, чоң атабыздан жана улуу америкалыктан айрылдык», — деп айтылат билдирүүдө.

Анда Пауэлл коронавируска каршы толугу менен эмдөөдөн өткөнү да белгиленген. Бирок кайсы вакцинаны алганы жана башка кандай оорусу бар экени так айтылган эмес. Жергиликтүү медиа кабарлагандай, Пауэлл Вашингтондун жанындагы медициналык борбордо үзүлгөн.

АКШ армиясынын штаб башчыларынын бириккен комитетинин мурдагы жетекчиси, генерал Колин Пауэлл Вьетнам согушуна катышкан. Ал Республикачылар жана Демократиялык партиялардан шайланган төрт президенттин алдында бир катар кызматтарды аркалаган.

Эң көп окулган жаңылыктар