04:25
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Владимир Жириновскийдин көз жумгандыгы тууралуу маалымат четке кагылды

Орусиянын Саламаттык сактоо министрлиги Либералдык-демократиялык партиянын жетекчиси Владимир Жириновский көз жумгандыгы тууралуу маалыматты четке какты. Бул тууралуу ТАССтын Telegram-каналында, министрликке шилтеме жасалып маалымдалды.

Учурда Жириновскийдин абалы туруктуу, дарыгерлер ага медициналык жардам көрсөтүүдө.

Белгилей кетсек, сенатор Александр Пронюшкинге шилтеме жасап, саясатчы дүйнө салды деп РИА Новости билдирген эле. Бирок бул маалыматты Мамлекеттик думанын төрагасы Вячеслав Володин четке каккан.

Владимир Жириновский COVID-19 менен ооруп, акыркы күндөрү комада жаткан эле.

Эң көп окулган жаңылыктар