2026-жылы өтүүчү футбол боюнча дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын 3-турунун алкагында Кыргызстан менен БАЭ курама командаларынын беттеши учурунда Бишкектин борборунда унаа кыймылына чектөө киргизилет. Бул тууралуу 24.kg агенттигине борбор калаанын Кайгуул кызматы билдирди.
Саат 17.00дөн 23.00гө чейин Тоголок Молдо көчөсү Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейин унаалар үчүн жабылат. Фрунзе көчөсү Исанов көчөсүнөн Панфилов көчөсүнө чейин жабылат.
Кайгуул кызматы жарандарды жана борбор калаанын конокторун мындай иш-чараларга түшүнүү менен мамиле жасап, маршрутун алдын ала пландаштырууну суранат.