23:31
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Украинада Fox News телеканалынын журналисти каза болду

Украинадагы согушту чагылдырып жүргөн америкалык Fox News телеканалынын журналисти, оператор жана фотограф Пьер Закржевский Киевге жакын жайгашкан Горенка айылында аткылоого кабылып, көз жумду. Ал 55 жашта болчу.

Телеканалдын башкы директору Сюзанна Скотт маркум журналист Ирактан Ооганстанга, Сириядан Украинага чейинки дээрлик бардык эл аралык жаңжалдарды чагылдырганын билдирди. Кесиптештери Закржевский «өз ишинин чебери» болгонун белгилеп жатышат.

Маалыматка караганда, Закржевский менен бир автоунаада бараткан Fox News телеканалынын дагы бир журналисти Бенжамин Холл оор жаракат алган. Мындан тышкары украин басылмалары аткылоодон жергиликтүү журналист Александра Кувшинова да көз жумганы кабарлашты.

Украинанын ички иштер министринин кеңешчиси Антон Геращенконун айтымында, Fox News’тун журналисттеринин алган жаракаттарына караганда, алар миномёттук жана артиллериялык аткылоого кабылышкан. Геращенко ок орус аскерлери тараптан атылганын кошумчалады.

13-мартта Киев облусунун Ирпень шаарында америкалык журналист Брент Рено мерт болуп, анын кесиптеши жаракат алган. Маркумдун документтеринин арасынан New York Times гезитинин мөөнөтү өтүп кеткен пресс-картасы табылган.

New York Times басылмасынын редакторлору Брент Ренонун өлүмү тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алышканын айтып, ал 2015-жылга чейин NYT менен кызматташканын билдиришти.

Эң көп окулган жаңылыктар