Ош облусунун Шарк айылдык округунда жолдо бара жаткан «КамАЗдын» ыргып кеткен дөңгөлөгү 8 жашар балага тийип, ал мерт кетти. Бул тууралуу «24.kg» маалымат агентигине Облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Окуя 27-июнда Ош-Кара-Суу жолунун 17-чакырымында болгон.
Жүк ташуучу унаанын дөңгөлөгү ыргып кетип, жол боюнда ойногон, 2009-жылы туулган балага тийген. Бала оорууканага жетпей каза тапты.
Кылмыш иши козголуп, «КамАЗ» атайын токтоочу жайга коюлду.