Мурдакы депутат Карганбек Самаковдун соту кайра башталды. Бул тууралуу «24.kg» маалымат агентигине анын жактоочусу Дастан уулу Улан билдирди.
Эскерте кетсек, сот акыркы жолу 28-мартта өткөн.
Карганбек Самаков Чүй облусунун Кара-Жыгач, Байтик жана Лебединовка айылдарында 2015-жылы 262 гектар айыл чарба жерин мыйзамсыз түрдө менчиктештирип, үй курууга саткандыгына айыпталууда. Башкы прокуратура 19 жыл эркинен ажыратууну сураган.
Келерки жылы 11-июлда өтөт.