16:10
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Нарында туристтерди коюп кеткен айдоочуга кылмыш иши козголду

Нарында туристтерди коюп кеткен айдоочуга кылмыш иши козголду. Бул тууралуу «24.kg» агентигине Нарын облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти. 

Эскерте кертсек, 25-июнда Кочкор районунун Кара-Тоо айылынын 20-жаштагы тургуну машинасын жууп келүү үчүн айдап чыккан. Бирок, рулду башкара албай, жолдон чыгып кеткен. Машина жолдо бара жаткан туристтердин тобу тарапка оодарылган. Бир турист айым ошол жерде мерт кетип, экөө оорууканага жеткирилген. Айдоочу өзү да ооруканада. 

ИИБнын билдирүүсүндө, туристтер Германиянын жарандары. Айдоочунун ичимдик ичпегени аныкталды. 

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби