10:48
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Атамбаев Россияда кыргыз аскерлеринин Сирияга жөнөтүлүшүн талкуулаган эмес

Алмазбек Атамбаев Россиядагы мамлекеттик сапарынын жүрүшүндө кыргыз аскерлеринин Сирияга жөнөтүлүшүн талкуулаган эмес. Бул тууралуу журналисттерге тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев билдирди.

Министрдин айтымында, бул масале аймактык жана эл аралык аянтчаларда козголгон. ЖККУнун (ОДКБ) жыйынында Россия сөз козгогон. 

Эскерте кетсек, Россиянын жана Түркиянын жалпыга маалымдоо каражаттары Кыргызстан менен Казакстандын аскерлерин Сирияга жөнөтүү сунушун талкууланып жатканын кабарлашкан. 

Эң көп окулган жаңылыктар