Мамлекеттик жана саясий ишмер, Кыргыз Республикасынын Баатыры Исхак Раззаковдун кызы Элмира Раззакова жана небереси Берк Раззаков Баткен облусуна келишти. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, конокторду Раззаков шаарындагы Исхак Раззаков атындагы аэропорттон президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тосуп алышты.
Сапардын алкагында Элмира Раззакова атасы Исхак Раззаков туулуп-өскөн Лейлек районунун Коросон айылындагы күмбөзүнө барып, куран окутуп, бата кылды. Зыяратка жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, аксакалдар жана айыл тургундары да катышты.
Сапар учурунда жергиликтүү тургундар Эльмира Раззакованы жылуу тосуп алышып, аны менен жолугушканына кубанычта экендиктерин билдиришти. Алар Исхак Раззаковдун үй-бүлөсүнө өзгөчө урмат-сый көрсөтүшүп, улуу мамлекеттик ишмердин өлкөнүн өнүгүшүнө жана элге кызмат кылууга кошкон зор салымын терең урматтоо менен эскеришти.

