Курамында какао көп болгон ачуу шоколад пайдалуу кошулмалардын эсебинен клеткалардын карылыгын басаңдатып, организмдин саламаттыгын колдой алат. Бул тууралуу нутрициолог Ольга Ромашина «Подмосковье сегодня» интернет-басылмасына берген маегинде билдирди.
Ал флаванол заттары кандын микроциркуляциясын жакшыртып, теринин эластиктүүлүгүн жогорулатарын, ал эми теобромин ДНКнын түзүмүнө оң таасирин тийгизерин түшүндүрдү. Өз кезегинде полифенолдор организмди кычкылдануу стрессинен коргоп, күн нурунун таасиринен улам пайда болгон фотокарылыктын алдын алат.
Бул заттардын эң жогорку концентрациясы какаонун үлүшү 70 пайыздан кем эмес болгон ачуу шоколаддарда гана болот. Кургак сүт жана кант кошулган таттуу сүттүү шоколаддар өзүнүн пайдасын жоготот, анткени сүт протеини активдүү компоненттердин сиңишине тоскоолдук кылат.
Кант менен гидрогенизацияланган майлардын деңгээли жогору болгон десерттер клеткаларды коргобой эле, тескерисинче, организмге кошумча күч келтирет. Ошону менен бирге, адис ошол эле пайдалуу флаванолдорду көк чай, карагат жана гранаттан да алууга болорун белгиледи.

