15:30
USD 87.45
EUR 101.76
RUB 1.19

Кытай, Беларус, Өзбекстан. Кыргызстан КММ жеткирүү боюнча кимдер менен сүйлөштү?

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков бүгүн журналисттерге Кыргызстан күйүүчү-майлоочу майларды (КММ) жеткирүү боюнча кимдер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын айтып берди.

Анын айтымында, менен болгон көйгөйлөр Кыргызстанда гана эмес, атүгүл аны өндүргөн өлкөлөрдө да бар.

«Бирок Кыргызстан күйүүчү-майлоочу майларды сырттан гана импорттогондуктан, бизде бул маселе албетте курч турат. КММдин резервин камсыз кылуу боюнча иштер жүрүп жатат. Алсак, Өзбекстан менен өкмөттөр деңгээлинде сүйлөшүүлөр өтүп, учурда министрликтер деңгээлинде иш жүрүүдө. Ар кандай варианттарды карап жатабыз. Жумушчу топ бул маселе менен тыгыз алектенүүдө», — деди Энергетика министрлигинин башчысы.

Ал Беларусь өлкөсү да оң жообун бергенин белгиледи.

«Транзит Россия аркылуу болот, буга байланыштуу көйгөйлөр жаралбашы керек. Майда-чүйдө деталдары менен алектенип жатабыз. Ошондой эле Кытай менен да сүйлөшүүлөр болуп, алар да оң жообун беришти. Көлөмдөрүн жөнөттүк, алардын даярдыгы бар. Процедуралык маселелер чечилүүдө», — деп кошумчалады Алтынбек Рысбеков.

Буга чейин Россия Федерациясы күйүүчү майды сыртка чыгарууга убактылуу тыюу салган. Ал эми Казакстан өлкөгө транспорттун кирүүсүн суткасына бир жолуга чейин чектеген. Бул чектөө күйүүчү майдын «көмүскө» чыгарылышын болтурбоо максатында киргизилген.

Эң көп окулган жаңылыктар