Кыргызстанда АЭС куруу маселеси калк менен бирге чечилет. Бул тууралуу бүгүн 24.kg агенттигинин суроосуна жооп берип жатып энергетика министри Алтынбек Рысбеков билдирди.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө Россиянын «Росатом» компаниясы менен кол коюлган меморандум бар.
«Бул кызматташуу боюнча ниет. Бүгүнкү күндө так чечим жок, бирок зарыл болгон кадрларды жана башкаларды аныктоо боюнча иштер жүрүп жатат. АЭС курабызбы же жокпу деген чечим эл менен макулдашылат. Бул бир маанилүү нерсе. Жарандарда түшүнүү пайда болгондо гана мындай иштер башталат. Бул үчүн көп убакыт талап кылынат. Коңшу өлкөлөрдүн буга он жылдай убактысы кетти. Аларда база, кадрлар, бүтүндөй институттар бар, ал эми бизде азырынча эч нерсе жок», — деди Алтынбек Рысбеков.
Эске салсак, «Росатом» КРда кубаттуулугу 110дон 440 мегаваттка чейинки блоктон турган АЭС курууга даяр. Муну РИТМ-200Н орнотмосунун базасында жасоо сунушталууда.
2026-жылдын июнь айында Өзбекстандын Жиззак облусунда интеграцияланган АЭСтин биринчи энергоблогунун курулушу башталганы кабарланган. ЖМКлардын маалыматына караганда, долбоор бир аянтчада жайгаша турган төрт энергоблокту камтыйт: ВВЭР-1000 реакторлору менен эки (ар бири 1 гигаваттан) жана ар бири 55 мегаватт болгон РИТМ-200Н реакторлору менен эки блок. Энергоблокторду ишке киргизүү 2029—2035-жылдарга пландаштырылган.
2016-жылдын май айында Россия менен Казакстандын президенттери Казакстанда биринчи АЭСти куруу боюнча келишимге кол коюшкан.

