04:08
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Москвада кыргыз жараны ага турмушка чыгуудан баш тарткан мекендешине бычак сайды

Москвада иштеген кыргыз жараны ага турмушка чыгуудан баш тарткан мекендешине бычак сайды. Бул тууралуу ТАСС маалымат агентиги кабарлайт.

Агентиктин маалыматында, окуя шаардагы кафелердин биринде болгон. Официант болуп иштеген кыргызстандык кызга тогуз жолу бычак сайылган. Ал ошол жерде көз жумган.

Москванын башкы тергөө башкармалыгынын өкүлү Юлия Иванованын билдирүүсүндө, экөө социалдык тармакта таанышкан. Кыз жакшы тааныбаган адамга турмушка чыгуудан баш тарткан.

Кыргызстандын жараны кармалып, камоого алынды.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума