21:54
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровго «Данакер» наамы ыйгарылды

Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровго «Данакер» наамы ыйгарылды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалымат бөлүмү кабарлады.

Алмазбек Атамбаев Россиянын бир нече аткаминерлерине мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Лавровдон сырткары, Владимир Путиндин жардамчысы Юрий Ушаков жана пресс-катчысы Дмитрий Песков «Манас» ордени (III-деңгээли) менен сыйланышты. Каржы министринин орун басары Сергей Сторчак «Даңк» медалын алды.

Эскерте кетсек, «Манас», «Даңк» жогорку наам болуп саналат. «Данакер» — достукту, ынтымакты бекемдөөгө салым кошкондорго ыйгарылат.

Белгилей кетсек, учурда Алмазбек Атамбаев Россияда мамлекеттик сапар менен жүрөт. Москвадагы жолугушуулардан кийин ал Татарстан жана Башкырстанга жөнөп кетет.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума