19:23
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Текебаевдин соту. Прокурор, кийин сотту чакырып алуу сунушталды

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин жана мурдакы Өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөн Чотоновдун иши Биринчи май райондук сотунда каралып жатат.

Жыйын башында эле жактоочулар алгач кайра эле видео жана аудиого тартууга уруксат берүүнү сунушташты. Андан кийин прокурорлорго ишенбестик айтылып, аларды кайтарып алуу зарылдыгы белгиленди.

Эки сунушка тең сот макул болгон жок.

Андан кийин жактоочулар соттун өзүнө нараазычылыгын айтып, аны алмаштыруу маселесин көтөрүп чыгышты. Сот кайра эле кеңешүү бөлмөсүнө кирип кетти.

Эскерте кетсек, Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөн Чотоновго бирдей айып тагылган. Башкы прокуратуранын маалыматында, Текебаев 2010-жылы «Мегаком» компаниясын башкарууда артыкчылыктарды убаладап, Леонид Маевскийден 1 миллион доллар алган.

Өмүрбек Текебаевдин ыйгарымдуу өкүлү жекшемби күнү БШКга президенттик шайлоого катышууга арызын берди. Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекова саясатчынын шайлоого катышуусуна бир гана соттун өкүмү тоскоол болушу ыктымалдыгын айткан.

Эң көп окулган жаңылыктар