13:35
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Ананьеводо жабыркагандарга жардам көрсөтүлөт

Ысык-Көл облусунун Ананьево айылында газ толтуруучу жайда чыккан өрттөн жабыркагандарга жардам көрсөтүлөт. Президент Алмазбек Атамбаев набыт болгондордун үй-бүлөлөрүнө көңүл айтып, акча бөлүп берүүнү буйруду.

Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалымат бөлүмү кабарлайт.

Эскерте кетсек, Ысык-Көл облусунун Ананьево айылында 19-июнда май куйуучу жайдын жаныдагы газ баллон жарылган. Эки адам жайында мерт кетип, 8 киши жабыр тарткан.

Жарылуу боюнча кылмыш иши козголуп, күнөөлүү адамдар такталып жатат. Район акимчилигин билдирүүсүндө, газ толтуручу жайды жабуу боюнча эскертүү берилип, 31-майда акт түзүлгөн.

Эң көп окулган жаңылыктар