13:59
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Жалпы республикалык тестти тапшырбай калгандарга дагы бир мүмкүнчүлүк берилет

Ар кандай себептерден улам жазында Жалпы республикалык тестке катышпаган бүтүрүүчүлөргө дагы бир мүмкүнчүлүк берилет. Билим берүү жана илим министрлиги жана Билим берүү ыкмаларын балоо борбору кошумча тестирлөө өткөрөрүн маалымдады.

13–22 июнда катталуу жүрөт. Тест Бишкек шаарындагы И.Раззаков атындагы университетте жана Оштогу 52-орто мектебинде өтөт.

Эскерте кетсек, жазында өткөн тестти 47 миң 523 бүтүрүүчү тапшырган.

Эң көп окулган жаңылыктар