19:20
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Сузакта чагылгандан күйүк алган адамдын абалы оор

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда чагылган түшүп күйүк алган адамдын абалы оор. Бул боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.

Мекеменин маалыматында, Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Орто-Азия айылынын 22 жаштагы тургуну К.уулу У. Күрөбөз жайлоосунда кой-кайтарып жүргөн кезде чагылганга кабылган.

Жалал-Абад облустук оорууукананын даарыгерлеринин айтымында, анын денесинин 10 пайызы күйгөн.

Эң көп окулган жаңылыктар