18:22
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Жогорку Кеңеш Акүйдү ижарага алган ишканалардан бир жылда 167 миң сом тапкан

Жогорку Кеңеш имаратын ижарага алган ишканалардан 2016-жылы 167 миң сом тапкан. Бул тууралуу парламенттин иш башкармачысы Алмаз Кожомкулов билдирди.

Белгилей кетсек, парламент бүгүн Акүйдө жайгашкан ишканалардын ишмердиги тууралуу маалымат угууда.

Иш башкармалыгынын айтымында, ижарадан түшкөн акчанын 65 миң 278 сому мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна, 101 миң 837 сому иш башкармалыктын эсебинде калган.

Акүйдө эки авиакасса, төрт банкомат, ашкана, кофе-аппарат, бир муздаткыч жана Бишкек почтасынын бөлүмү бар.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума