07:37
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Мамлекеттик ишканалар алардын финансы-чарбалык жыйынтыктарына жараша акы алышат

Мамлекеттик ишканаларга коюлган эмгек акылар алардын финансы-чарбалык жыйынтыктарына жараша болот. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү премьер-министрге шилтеме берип билдирди. 

Өкмөт башчынын айтымында, натыйжасыз ишканалар жоюлуп же ишенимдүү башкарууга берилиши керек. 

«Мамлекеттик ишканаларды башкарууга мыкты менеджерлер тартылып, мамлекеттик ишканаларды ишенимдүү башкарууга ɵткɵрүү тажрыйбасы киргизилет», — деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өз сөзүндө өкмөт башчы мамлекеттик ишканаларды башкаруу жаатындагы учурдагы жаңы киргизүүлөргө басым жасады. Анын ичинде, күтүлүп жаткандай, «Кыргыз почтасы» акционерлештирилет жана почта-банк түзүлөт. Муну менен бирге «Кыргыз темир жолунун» башкаруу системасына жаңы стандарттар киргизилип, иштөө принциптери толугу менен каралып чыкмакчы.

Эң көп окулган жаңылыктар