15:08
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Текстиль буюмдарын өндүргөн «Viva Tex» ишканасы 705 кишини иш менен камсыз кылды

Өлкөдө өндүрүш канчалык көп болсо, жумушчу орундар ошончолук көп болот жана мекендештерибиз үйлөрүн таштап, акча табабыз деп сыртка кетпейт эле. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Чүй облусунун Токмок шаарында текстиль буюмдарын өндүргөн «Viva Tex» ишканасына барганда айтты.

Ишкананын жетекчиси Икбол Бахрамова жүндөн жана пахтадан трикотаж, андан буюмдарды чыгарып жатышканын айтып берди. Токмокто 630 адам, Бишкек шаарындагы эксперименталдык цехте 75 адам иштейт. Бардыгы болуп, 705 адам эмгектенет.

Ишкана Казакстан, Россия, Германия, Түркия, АКШ, Өзбекстандын фирмалары менен кызматташат. Кубаттуулугу — айына 100 тонна жүн жиптерин жана 30 миң даана трикотаж буюмдарын чыгара алат.

Президент өндүрүш цехтерин көрүп чыгып, чыгарылган продукция менен таанышты жана Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду менен мындан ары дагы кызматташып, өндүрүштү модернизациялоо зарылдыгын белгиледи.

Эң көп окулган жаңылыктар