07:06
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Эл аралык фестивалда Гүлайым Каниметова мыкты актриса аталды

Кыргыз эл артисты Гүлайым Каниметов Россиянын Орел шаарында өткөн эл аралык театр фестивалында аялдын ролун мыкты аткаргандыгы үчүн башкы сыйлыкка татыды.

Гүлайым Каниметова Чыңгыз Айтматовдун «Саманчынын жолу» повестинен алынган «Эсимде» спектаклинде Толгонайдын ролун аткарган. Фестивалга Сербия, Болгария, АКШ, Кыргызстан жана башка өлкөлөрдүн өкүлдөрү катышышкан.

Ludi фестивалы 2010-жылдан бери өткөрүлөт.

Эң көп окулган жаңылыктар