11:59
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Бишкекте мекенинде издөөдө жүргөн тажик жарандары кармалды

Бишкекте мекенинде издөөдө жүргөн тажик жарандары кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирет.

ИИМдин маалыматына караганда, Тажикстандын Согди облусунун ички иштер башкармалыгы Кыргызстанга изделип жаткан үч жаран жөнүндө маалымат жөнөткөн. Алардын Ходжент шаарынын тургунуна бычак сайгандыгы айтылат.

Кармалган үч тажик жараны Баткен облусуна жөнөтүлдү. Алар андан ары Тажикстанга өткөрүлүп берилет.

ИИМдин билдирүүсүндө, кылмышка шектелип жаткандар Кыргызстан аркылуу башка мамлекетке чыгып кетүүнү пландап жатышкан.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума