10:10
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Өкмөт ЖККУга(ОДКБ) Кыргызстанда аскердик өндүрүш ишканасын ачууну сунуштады

Өкмөт Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна Кыргызстанда курал-жарак чыгарган ишкана ачууну сунуштады. Бул тууралуу вице-премьер-министр Жеңиш Разаков бүгүн Бишкек шаарында өтүп жаткан уюмдун аскердик-экономикалык кызматташтык комиссиясынын жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан ЖККУ менен кызматташтыкка олуттуу маани берет. Уюмдын аймактык коопсуздукту камсыз кылуу жана аны бекемдөө иштерин колдойт. Ал бул үчүн аскердик саясый жана аскердик техникалык кызматташтыкты күчөтүү зарылдыгын айтты.

Вице-премьер, Кыргызстан аскердик техникалык жана аскердик экономикалык байланышка басым жасарын белгиледи.

«Кыргызстан аскердик өндүрүш ишканалары менен иш алып барууга кызыкдар. Биздин өлкөдө аскердик маанидеги продукцияларды чыгаруучу ишкананы ачууну сунуштайт элек. Бул Кыргызстандын өндүрүшүнүн өсүшүнө түрткү болуп, элдерди жумуш менен камсыз кылып, экспорттун көлөмүн өстүрөт», — деди Жеңиш Разаков.

Ал бүгүн дүйнөдө улуттук жана жамааттык коопсуздукка зыян тийгизген заманбап маалымат технологияларын колдонуу менен жасалган кылмыштын саны өсүп жаткандыгын кошумчалады.

Эң көп окулган жаңылыктар