19:44
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Бишкектеги борбордук мечитте күнүнө 1500 адамга ооз ачар уюштурулат

Бишкектеги борбордук мечитте күнүнө 1500 адамга ооз ачар уюштурулат. Бул маалыматты «24.kg» Мусулмандар дин башкармалыгынан такташты.

Муфтияттын билдирүүсүндө, орозого чейин эле борбордук мечитке келгендер үчүн ооз ачар уюштурууга уруксат сурагандар болгон.

«Ооз ачар өткөрүүнү каалагандар абдан көп. Орозо бүткөнчө бош күн жок десек болот», — деди муфтияттын маалымат катчысы Максат Атабаев.

Анын айтымында, ооз ачуу көпчүлүк мечиттерде өткөрүлөт.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума