03:31
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Өмүрбек Бабанов: Банктарга жаңы биометриялык паспорттор менен иштөө ыңгайсыз

«Банктарга жаңы биометриялык паспорттор менен иштөө ыңгайсыз» — деп, Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Өмүрбек Бабанов билдирди.

Анын айтымында, жаңы ишке кирген биометриялык паспортто туулган жылы жана жери гана жазылган. Калган маалыматтар чипке катылган.

«Банк кайрылган кардарларды аныктап, алардын катталган жерин такташы керек. Банктарда чиптеги маалыматты окуй ала турган жабдуусу жок. Андыктан, бул паспорттор шайлоодо гана пайдасы тийбесе, күнүмдүк жашоого керексиз», -деди Өмүрбек Бабанов.

Эң көп окулган жаңылыктар