19:34
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Сооронбай Жээнбеков кызмат ордун бошотот

Сооронбай Жээнбеков БШКга президенттикке талапкер болуп катталгандан кийин өкмөт башчылык ордун бошотот. Бул тууралуу «24.kg» маалымат агентигине Боршайкомдун мүчөсү Кайрат Осмоналиев билдирди.

Белгилей кетсек, кечээ КСДПнын саясый кеңеши президенттик шайлоодо ат салышууга Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин көрсөттү.

Кайрат Осмоналиевдин айтымында, мыйзамга ылайык Сооронбай Жээнбековдун талапкерлиги партиянын съездинде колдоого ээ болгондон кийин, ал Боршайкомго катталат.

Премьер-министр ордун тапшыргандан кийин, анын кызматын биринчи вице-премьер-министр аткарып калаарын БШК мүчөсү билдирди. Ал эми министрлер кабинети жаңы өкмөт башчы дайындалганча милдетин аткаруучу катары иштеп турат.

Шайлоо күнү 15-октябрга белгиленсе, анда 15-июндан баштап талапкерлер расмий катталат.

КСДПнын маалыматында, партиянын съезди 19-июнга белгиленген.

Эң көп окулган жаңылыктар