Кыргызстандын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Тажикстанга болгон жумушчу сапарынын алкагында кесиптеши Курбон Хакимзода менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө президенттердин 2025-жылдагы өз ара мамлекеттик сапарларынын жыйынтыгы боюнча эки өлкөнүн айыл чарба тармагындагы эки тараптуу өз ара аракеттенүүсүн тереңдетүү, өкмөттөр аралык кеңештин биринчи жыйынында кол коюлган документтерди ишке ашыруу, ошондой эле агрардык сектордогу кызматташтыкты андан ары өнүктүрүү маселелери талкууланды.
Айыл чарба тармагында кол коюлган келишимдерди жана протоколдорду ишке ашыруу боюнча биргелешкен жол картасын иштеп чыгуу мүмкүнчүлүгү каралды. Бул биргелешкен ишти тутумдаштырууга, конкреттүү иш-чараларды, аларды аткаруу мөөнөттөрүн жана жооптуу түзүмдөрдү аныктоого, ошондой эле практикалык өнөктөштүктүн натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет.
Ошондой эле айыл чарба тармагындагы эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн кеңири чөйрөсү, анын ичинде ветеринардык жана фитосанитардык маселелер, мал чарбачылыгы жана балык чарбасы, өсүмдүк өстүрүүчүлүк, ошондой эле илимий-техникалык кызматташтык жана үрөнчүлүк маселелери талкууланды. Тажрыйба алмашуу боюнча макулдашууга жетишилди.

