02:09
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

«Айыл чарбасын каржылоо −7» долбоору ишке ашырыла баштады

«Айыл чарбасын каржылоо −7» долбоорун ишке ашыруу башталды. Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

«Айыл чарбасын каржылоо −7» долбоору Кыргыз Республикасынын ишкердик субъекттерине жана жеке жактарга 2019-жылдын жазгы талаа жумуштарын өз убагында жүргүзүүгө жана мал чарбачылыгын, өсүмдүк өстүрүүнү жана айыл чарба продукциясын иштетүүнү андан ары өнүктүрүү үчүн мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында ишке ашырылат.

«Айыл чарбасын каржылоо −7» долбоорун ишке ашыруу мөөнөтү — 60 айга чейин, ал 2019-жылдын февралында иштеп баштайт.

Сүт, эт, жүн, бал, балык,жашыл (сарымсак, пияз, томат), картошка, жемиш (уруктуу, данектүү), мөмө (малина, кулпунай, карагат), техникалык өсүмдүктөр (пахта, тамеки), төө буурчак сыяктуу артыкчылыктуу багыттарды кредиттөө үчүн жана «Айыл чарба продукциясын кайра иштетүү» тармагы үчүн акыркы пайыздык үстөк жылына 6% белгиленген.

Эң көп окулган жаңылыктар