14:46
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Бермет Турсалиева айыл-чарба министринин орун басары болду

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрине орун басар болуп Бермет Турсалиева дайындалды. Бул тууралуу министр Тилек Токтогазиев маалымат жыйын учурунда билдирди.
 
Ал орун басары Амангелди Исаев жумуштан кеткенин белгиледи. Министрликтин тарыхында аял киши

биринчи жолу орун басар болду.

«Мага күчтүү орун басар керек болду. Алмаштыруу жеңил болгон жок, бирок көптөгөн талапкерлерди карап, ушундай чечим кабыл алдык. Турсалиева мурда министрликте иштебесе дагы айыл чарба тармагында көп эмгек жасап келген. Дыйкандар менен тыгыз иштешип, «Агрардык платформаны» жетектеген. Кайра иштетүү заводдорун брендге айлантып, ички жана сырткы рынокто позициясын күчөтүүгө жардам берген. Анын арасында «Тойбос», «Супара» компаниялары бар. Англис тилинде эркин сүйлөйт, французча да билет», — деди Тилек Токтогазиев.

Эң көп окулган жаңылыктар