Борбор калаада 16-июндан тарта Элебесов көчөсүнүн Кожевенная көчөсүнөн түндүк айланма жолуна чейинки бөлүгүндө унаа кыймылы убактылуу чектелет. Мындай чектөө «Дордой» базарынын аймагындагы жол инфраструктурасын реконструкциялоо долбоорунун экинчи этабынын башталышына байланыштуу болууда.
Бишкек мэриясынан билдиришкендей, бул тилкеде жол тармагынын абалын жакшыртууга жана кыймылдын коопсуздугун жогорулатууга багытталган оңдоо-калыбына келтирүү иштери жүргүзүлөт.
Жолдун убактылуу жабылышына байланыштуу айдоочулардан каттамдарын алдын ала пландап, кыймылды уюштуруудагы өзгөрүүлөрдү эске алууну суранышат.
Реконструкциялоо иштери «Дордой» базарынын аймагындагы транспорттук инфраструктураны модернизациялоо алкагында жүргүзүлүүдө.

