16:26
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Айыл-чарбасын каржылоо. Насыя алгандардын саны боюнча Чүй облусу алдыда турат

Кыргызстанда «Айыл-чарбасын каржылоо-6» долбоорунун алкагында коммерциялык банктар 5,6 миллард сомдон ашуун каражатты жеңилдетилген насыя түрүндө беришкен. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, насыяны баардыгы болуп 11 миң 332 айыл чарба өндүрүүчүлөрү алышкан. Алардын арасында жашылчаларды өстүрүүгө 1 миллард 324,76 миллион сом, мал чарбасына 2 миллиард 867,7 миллион сом, кайра иштетүү жана тейлөө тармагына 1 миллиард 433,9 миллион сом багытталган.

Насыя алгандардын саны боюнча Чүй облусу алдыда турат. Эң аз насыя алган Баткен облусу.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума