14:16
USD 89.12
EUR 94.98
RUB 0.95

Бишкекте салт болуп калган айыл чарба жарманкеси уюштурулат

Бишкекте салт болуп калган айыл чарба жарманкеси уюштурулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, Октябрь районунда ар дем алыш күндөрү Нуркамал көчөсүндө (Айтиев жана Токомбаев көчөлөрүнүн кесилиши), Свердлов районунда Т. Айтматов менен Токтогул көчөсүнүн кесилишинде айыл чарба азыктары сатылат.

Калган райондордо жарманке кийинчерээк башталат.

Дем алышта баш калаага Чүй облусунан 120 айыл чарба азыктарын өндүрүүчүлөр келишет. Алгачкы жолу Нарындык дыйкандар жарманкеге катышмакчы. Алар эт, картошка, пияз сатышат.

Эң көп окулган жаңылыктар