19:34
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Жыл башынан бери дыйкан-фермерлерге 5,4 миллиард сом насыя берилди

«Айыл чарбаны каржылоо-6» долбоорун ишке ашыруунун алкагында республиканын 11 246 айылдык товар өндүрүүчүсүнө 5,4 миллиард сом суммасында жеңилдетилген насыялар берилди. Бул тууралуу Финансы министрлиги кабарлайт.

Эске сала кетсек, аталган долбоордун алкагында 11 коммерциялык банктын ортосунда жалпы суммасы 5 миллиард 816 миллион сом болгон пайыздык чендерди субсидиялоо жөнүндө келишимдерге кол коюлган.

Эң көп окулган жаңылыктар