Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев Казакстанга болгон расмий сапарынын алкагында өлкө президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолугушту.
Парламенттен билдиришкендей, тараптар саясий, экономикалык жана гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүүнү, ошондой эле парламенттер аралык өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулашты.
Алгач төрага Марлен Маматалиев Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун жолдогон саламын жеткирип: «Кыргыз тарап сиздин жетекчилигиңиздин астында жаңы Казакстанды курууга багытталган бардык реформаларды кубаттайбыз. Айрыкча соңку референдумдун ийгиликтүү өтүшү казак элинин жаркын келечегине жасалган жакшы кадам болгонун байкоодобуз» — деди.
Ошону менен катар соңку жылдары мамлекеттер аралык байланыштар жигердүү уланып, эки тараптуу жолугушуулар байма-бай өтүп жатканын белгилеген Төрага: «Алардын алкагында жетишилген макулдашуулар көп кырдуу кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүгө негиз болуп, бир тууган элдерибиздин кызыкчылыктарына жооп берген өз ара пайдалуу мамилелерди тереңдетүүгө кызмат кыларына ишенем» — деп кошумчалады.
Жолугушууда маданий-гуманитардык алакалар боюнча да маселелер көтөрүлүп, Жогорку Кеңештин Төрагасы Астана шаарындагы негизги көчөлөрдүн бирине көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахмановдун ысымын ыйгарууну сунуш кылды.
Өз кезегинде президент Касым-Жомарт Токаев Марлен Маматалиевдин Казакстанга жасаган алгачкы расмий сапарынын маанисине токтолуп, эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө жаңы дем берет деген ишеничте экенин кошумчалады.
«Кыргызстан биз үчүн жакын коңшу, бир тууган мамлекет жана ишенимдүү өнөктөш өлкө. Айрыкча «Казак-кыргыз — бир тууган» деген сөз бекеринен айтылбайт», — деди ал.
Муну менен катар Кыргызстандын экономикасы жогорку темп менен өнүгүп жатканын айткан Касым-Жомарт Токаев: «Жакында эле Кыргыз Республикасынын Бириккен Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайланышы сиздер үчүн гана эмес, бүтүндөй Борбор Азия үчүн маанилүү тарыхый окуя болду», — деди.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар парламенттер аралык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү, жогорку деңгээлде жетишилген макулдашууларды мыйзамдык жактан камсыздоо, ошондой эле эки өлкөдө жүргүзүлүп жаткан социалдык-экономикалык реформалардын жүрүшү боюнча пикир алмашты.
Ошондой эле Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелерди мындан ары да ар тараптуу өнүктүрүүгө даяр экендиктерин ырасташты.

