23:11
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

«Айыл чарбаны каржылоо-7». 4 миллиард сомдон ашуун жеңилдетилген насыя берилди

2019-жылдын 4-октябрына карата «Айыл чарбаны каржылоо-7» долбоору боюнча 4 миллиард 933 миллион 979,8 миң сомго 9 миң 861 жеңилдетилген насыя берилди. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти.

Анын ичинен өсүмдүк өстүрүүчүлүккө 1 миллиард 101 миллион 714 миң сомго 2 миң 812 жеңилдетилген насыя, мал чарбачылыкка — 2 миллиард 613 миллион 114,4 миң сомго 6 миң 744 жеңилдетилген насыя, кайра иштетүүгө жана айыл чарбасындагы кызмат көрсөтүүлөргө — 1 миллиард 219 миллион 151,4 миң сомго 305 жеңилдетилген насыя берилди.

Аталган долбоордун алкагында коммерциялык банктардын жана финансылык-кредиттик мекемелердин финансылык каражаттары өсүмдүк өстүрүүнү, мал чарбачылыкты жана айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүнү өнүктүрүү үчүн Кыргыз Республикасынын ишкердик субъекттерине жана жеке жактарына жеңилдетилген пайыздык чен (жылына 6, 8 жана 10 пайыз) менен берилүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар