14:36
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Өкмөт министр кылбай койгон Тилек Токтогазиев Швейцария менен келишим түздү

Швейцариянын Нестле компаниясы Кыргызстандан айыл-чарба азыктарын сатып алууга даяр. Бул тууралуу жеке ишкер Тилек Токтогазиев билдирди.

Тилек Токтогазиев Швейцарияда аталган компания менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Анын айтымында, ишкана Кыргызстандын жемиштери даамдуу болорун белгилешкен.

«Эми биз жемиштер, мөмөлөрдү жана жаңгакты көрсөтүлгөн көлөмдө сатууга келиштик. Алар биздин азыктарды кайра иштетилген түрдө сатып алууга даяр», — деди ал.

Тилек Токтогазиев Европага экспортко кызыккан фермерлерди Кыргызстандын агрардык ассоциасынын жана өндүрүшчүлөрүнүн Альянсына кошулууга чакырды.

Белгилей кетсек, Тилек Токтогазиев өзүн айыл-чарба министрлигин жетектөөгө сунуштаган. Бирок, премьер-министр ишкерди жаш жана тажрыйбасы жетишсиз деп тапкан. 

Эң көп окулган жаңылыктар