12:10
USD 87.45
EUR 101.36
RUB 1.24

БУУ резолюциясы: Кыргызстандын чек ара тартыштары тынчтык жолу менен чечилет

БУУнун Башкы Ассамблеясы Кыргыз Республикасынын «Чек ара талаш-тартыштарын тынчтык жолу менен чечүү» резолюциясын консенсус менен кабыл алды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Документтин коспонсорлору катары 40тан ашуун мамлекет чыкты. Резолюция Кыргыз Республикасы тарабынан Тажикстан Республикасы жана Өзбекстан Республикасы менен биргеликте сунушталды

Резолюциянын негизги максаты — аймак өлкөлөрүнүн тарыхый жетишкендигин дүйнөлүк коомчулук менен бөлүшүү: сезимтал маселелерди тынчтык жолдору аркылуу (диалог, сүйлөшүүлөр жана өз ара макулдашылган башка ыкмалар аркылуу) БУУнун Уставына жана эл аралык укукка ылайык чечүү жөндөмүн көрсөтүү.

Резолюция жөнөкөй жана универсалдуу принципти сунуштайт: мамлекеттер чек ара талаштарына туш болгондо, алдыга карай жол тынчтыкка, мыйзамдуулукка жана диалогго негизделиши керек.

Резолюцияда белгиленген Борбор Азиянын жетишкендиктери бүткүл эл аралык коомчулук үчүн конструктивдүү үлгү болуп, коңшулаш мамлекеттер ортосундагы жакшы мамиленин модели жана аймак өлкөлөрүнүн эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту чыңдоого кошкон салымы катары кызмат кылат.

Резолюциянын кабыл алынышы Кыргыз Республикасынын жана аймак өлкөлөрүнүн ондогон жылдар бою чечилбей келген курч маселелерди тынчтык жолу менен жөнгө салууга жөндөмдүү экендигинин дагы бир тастыгы жана эл аралык деңгээлде таанылышы болду. Дүйнөлүк коомчулук Борбор Азия өлкөлөрүнүн аймактагы тынчтыкты жана өз ара ишенимди бекемдөөгө болгон умтулуусун бир добуштан белгиледи.

Эң көп окулган жаңылыктар