Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Эдуард Кубатовдун Ысык-Көлдөгү Жомок каньонунун деградацияга учурап жатканы тууралуу билдирүүсүнөн кийин, социалдык тармактарда объекттин аймагындагы таштанды көйгөйү талкуулана баштады.
Туроператор Сергей Глуховеров каньондогу калдыктар сыртка чыгарылбай, тоонун артына катылып жатканын билдирди.
«Кире бериште акы алынат, анын ичине таштанды тазалоо да кирет. Бирок тазалоо деген — таштандыны тоонун артына катуу эмес, аны сыртка чыгарып кетүү дегенди билдирет», — деп жазды ал.
Буга чейин Эдуард Кубатов эл көп келген бул туристтик объект ашыкча жүктөмдөн улам бара-бара бузулуп (деградацияга учурап) жатканын билдирген. Анын айтымында, каньонду сактап калуу үчүн негизги туристтик активдүүлүктү Жомоктун төмөнкү бөлүгүнө көчүрүү, ал жерде заманбап инфраструктура түзүү жана объектти өнүктүрүү үчүн атайын өзүн-өзү каржылоочу фонд уюштуруу зарыл.
Каньондун абалы тууралуу макалалар жарыялангандан кийин, социалдык тармактардын колдонуучулары аймакка системалуу түрдө кам көрүлбөй жатканын жана таштанды тазалоодогу көйгөйлөрдү кызуу талкуулай башташты.

