Тайванда 20-ирет Азия-Тынч океан эл аралык информатика олимпиадасы өткөрүлдү. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, быйылкы олимпиадага дүйнөнүн 36 өлкөсүнөн 890го жакын окуучу катышты. Кыргызстан курама командасынын курамында олимпиадага онлайн видеокөзөмөл форматында 26 окуучу катышты.
Коло медаль:
- Арапов Али — 10-класс, «Сейтек STEM» мектеби
Ардак грамоталар:
- Мананов Рамазан — 10-класс, «Сейтек STEM» мектеби
- Айдарбеков Алихан — 12-класс, «Сейтек STEM» мектеби
- Баймырзаев Аруубек — 9-класс, «Акылман» президенттик лицейи
- Джаникеев Саид — 10-класс, «Сейтек STEM» мектеби
- Кадыров Адилхан — 10-класс, М. Субакожоев атындагы Нарын лицейи

