12:09
USD 87.45
EUR 101.36
RUB 1.24

Чубак ажы Жалиловго «Эл Баатыры» эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылды

Бүгүн, 21-майда Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын экс-муфтийи, маркум Чубак ажы Жалиловго «Кыргыз Республикасынын Эл Баатыры» эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Тиешелүү жарлыкка өлкө башчысы Садыр Жапаров кол койду. Ага ылайык, диний билим берүүнү жана руханий агартууну өнүктүрүүгө, моралдык-адеп-ахлактык баалуулуктарды калыптандырууга, элдин маданий-диний салттарын сактоого кошкон өзгөчө салымы үчүн Чубак ажы Жалиловго «Ак Шумкар» өзгөчө белгисин тапшыруу менен «Кыргыз Республикасынын Эл Баатыры» Кыргыз Республикасынын эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылды.

Эң көп окулган жаңылыктар