13:04
USD 87.45
EUR 101.36
RUB 1.24

Пайдалуу кеңеш: Биолог кенелерге чактырбоонун жолдорун айтып берди

Фото Иллюстративдик

Сезон башталгандан бери миңден ашык жарандар кене чаккандыктан дарыгерлерге кайрылган. Эксперттердин пикиринде, болжол менен ушунча эле сандагы жабырлануучулар ооруканага кайрылышкан эмес.

Кене чагуудан сактануу үчүн кандай алдын алуу чараларын көрүү керектигин aif.ru сайтына энтомолог Роман Хряпин айтып берди.

Эксперт белгилегендей, кенелер адамга таптанбайт, секирбейт жана анын артынан чуркабайт. Алар чөптөрдө же бадалдарда отурушат жана курмандыгы жанына келгенде, ага сойлоп өтүп кете алышат.

«Кийим ачык түстө болушу керек, анткени мындай түстө кене дароо көрүнөт. Шым жана бут кийим денеге чыпталып турушу зарыл. Кене кирип кете турган эч кандай ачык жерлер, жылаңач тери калбашы керек», — деди энтомолог.

Биолог көйнөккө мындай катуу талаптар жок экенин тактап өттү.

«Кене белден өйдө же башка карай сойлоп чыкканча, сиз аны байкап каласыз», — деп белгиледи ал.

Эң көп окулган жаңылыктар